implant

Тарыхы

Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) – эгемендүү, демократиялык, динден тышкаркы, ачык интеграциалык саясатын чет мамлекеттер жана дүйнөлүк рынок менен жүргүзгөн мамлекет. Бай жана терең тарыхка ээ өлкө. Б.з.ч. 201-жылы белгилүү кытай тарыхчысы Сыма Цян Кыргыз мамлекеттүүлүгү жөнүндө кол эмгегинде айтып өткөн.

Соңку тарыхтын кыскача хронологиясы:

1991-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасы көз карандысыз эгемендүү мамлекет деп жарылайт.

1992-жылдын 20-мартында Кыргыз Республикасы Россия Федерациясы менен дипломатиялык мамиле түзүп, ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине, Бириккен Улуттар Уюму жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна, Шанхай кызматташтык уюмунун курамына кирет.

1992-жылы Кыргыз Республикасы Эл аралык Валюта Фондусу, Дүйнөлүк Банк жана Эл аралык финансы корпорациясы сыяктуу эл аралык уюмдарга мүчө болот.

1993-жылдын 5-майында көз карандысыз эгемендүү мамлекет катары Кыргыз Республикасынын биринчи Конституциясы кабыл алынган.

1993-жылдын 10-майында Кыргыз Республикасы Борбор Азияда биринчи болуп өзүнүн улуттук валютасы – сомду кабыл алат.

1994-жылдын 14-январында Жогорку Кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жана желеги бекитилген.