1xbet para yatirmaimplant

Урматтуу мекендештер!

2018-жылдын 1-августунан баштап, Анталья шаарында Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун расмий түрдө убактылуу консулдук кызмат көрсөтүү кеңсеси ачылды.
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ж. Жээнбеков 2018-жылдын 10-апрелинде жана 2017-жылдын 8-августунда Стамбул шаарындагы мекендештерибиз менен жолугушуусунда, Кыргыз диаспорасы тарабынан Анталья аймагында жашаган жарандарыбызга ыңгайлуу шарттарды түзүү демилгеси көтөрүлүп чыккан. Көтөрүлгөн маселе боюнча Өлкө башчысы тарабынан берилген тапшырманын негизинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чечими боюнча кабыл алынды.
Анталья аймагында жашаган Кыргызстан жарандарынын укугун жана кызыкчылыгын коргоону ыкчам камсыз кылуу үчүн жергиликтүү консулдук тейлөө кызматы 2018-жылдын октябрь айынын аягына чейин жүргүзүлөт. Андан тышкары, Стамбул шаарына кайрылбастан, Антальядагы убактылуу консулдук кызмат көрсөтүү кеңсесинде толук консулдук кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгү болот.
Убактылуу консулдук кызмат көрсөтүү кеңсеси жыл сайын май айынан октябрь айына чейин ачылуусу көрүлүүдө.
Анталья ш. убактылуу консулдук кызмат көрсөтүү кеңсесинин адреси жана байланышуу маалыматтары
Güzeloba Mahallesi, Havaalanı Caddesi No: 102, A Blok, 07230 Muratpaşa/Antalya, «OFFICE 55» кеңсе имараттын ичинде.

Тел: +90 242 212 0125
Факс: +90 212 235 9293
E-mail: kgconsulate.genst@gmail.com

иштөө тартиби:
– күндө 09:00дөн 18:00го чейин, дем алыш күндөрдөн тышкары;
– документтерди кабыл алуу: 09:00дөн 12:00го чейин;
– документтерди берүү: 14:00дөн 16:00го чейин;
– түштөнүү убагы: 12:30дөн – 13:30го чейин.