1xbet para yatirmaimplant

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

Сиздерди, 2016-жылдын 11-декабрында боло турган «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР мыйзамы боюнча референдумга катышууңуздарды чакырабыз.

Шайлоо участкасы Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Консулдугунда саат 08.00 – 20.00 чейин уюштурулат.

Шайлоого биометрикалык маалыматты тапшырган жана Консулдук каттоодон откон Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат.

Урматтуу шайлоочулар, Консулдуктун телефон номерлерине кайрылып, шайлоочулардын тизмесинен өзүнүздү тактоонузду отунобуз!

Шайлоого катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту же ID-карттын болуусу шарт.