1xbet para yatirmaimplant

Үстүбүздөгү жылдын 17-декабрында Стамбул шаарындагы Кыргыз Республикасынын башкы консулдугу MÜSİAD жана КРнын Экономика Министрлигине караштуу инвестицияны жакшыртуу боюнча агенттигинин колдоосу менен бизнес форум уюштурулду.

Бизнес-форумдун ачылышына КРнын Стамбул шаарындагы башкы консулу Ренат Тулебердиев, MÜSİAD (өндүрүш тармагында иштеген жеке жана көз карандысыз ишкерлер ассоциациясы) башкы мүдүрү Наиль Олпак, КРнын экономика министрлигине караштуу инвестицияны жакшыртуу боюнча агенттиктин директору Алмаз Сазбаков, Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун президенти Жыргалбек Сагынбаев, Кыргызстан достук жана маданият коомунун башчысы Айбек Сарыгулов, ошондой эле 110дон ашык кыргыз жана түрк ишкерлери катышышты. Бул мүнөздөгү иш чара MÜSİAD тарабынан биринчи жолу өткөрүлүп, өзүнүн жогорку денгээлин көргөздү.

Иш чарада экономика министрлигине караштуу инвестицияны жакшыртуу боюнча агенттиктин директору Алмаз Сазбаков Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана долбоорлор боюнча тааныштырды. Кыргыз ишкерлери түрк өнөктөштөрүнө даяр инвестициялык долбоорлорду жана түрлүү сунуштарды кылышты.

Иш чарада түрк бизнесмендери кызыктырган суроолоруна жооп алуу мүмкүнчүлүктөрүн алышты. Андан кийин, эки тараптуу кезигишүү уюштурулуп, кыргыз жана түрк ишкерлери кызыктыргын маалыматтар боюнча пикир алмашышып, иштеп чыгарышкан продукциясын көрсөтүштү.