1xbet para yatirmaimplant

Бизнес-форум!

2015-жылдын 17-18-декабрында Стамбул шаарында бизнес-форум уюштурулмакчы. Форум Кыргыз Республикасынын башкы консулдугу демилгеси жана карандысыз жеке жана өндүрүш тармагында иштеген жеке жана көз карандысыз ишкерлер ассоциациясы (MÜSİAD) колдоосу менен өткөзүлмөкчү.

Аныктама: MÜSİAD- Өндүрүш тармагында иштеген жеке жана көз карандысыз ишкерлер ассоциациясы 1990-жылы түзүлгөн. Уюм Туркиянын 45 000ден ашуун ишкерлерди бириктирип турат. Дүйнөдөгү 60тан ашык өлкөнүн бизнесс-уюмдары менен тыкыс кызматташуунун жүргүзөт.

Форумдун уюштурулушунун негизги максаты: Кыргызстандын экономикасына түрк инвестициясын тартуу, өлкөнүн инвестициялык артыкчылыгын жогорулатуу жана түрк бизнесмендери менен мамилелерди натыйжалуу жөнгө салуу болмокчу. Бул жолугушуу бизнес боюнча өнөктөштөрдү табууга, Турциядагы бизнес-түзүм өкүлчүлүктөрү менен байланыш кылууга уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү бермекчи.

Иш чаранын жүрүшүндө айыл чарба, энергетика, тоо кендерин казып чыгуу, кайра иштетип чыгуу, женил өнөр жай, туризм ж.б. чөйрө боюнча долбоорлор көрсөтүлмөкчү.

Баса белгилей кетүүчү нерсе, өткөрүлүүчү иш чара Кыргызстанды инвестициалык артыкчылыгы тарабынан гана эмес, өлкө боюнча маалыматтарды алдыга жылдыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ кылат.

Мунун негизинде, бардык ишкерлерди форумга катышууга чакырабыз.

Кошумча билдирип кетүүчү нерсе: авиакаттам, мейманканага жайгашуу жана тамак аш маселеси катышуучулар тарабынан каржыланмакчы.

Эгерде катышуунузду ырастасаныз, +90(545) 691-22-07 уюлдук номерине байланышып же компанияныз боюнча маалыматтарды тиркелген анкета менен бирге gc@kgconsulate.gen.tr электрондук адресине жиберүүнүз шарт.