1xbet para yatirmaimplant

2016-жылдын 12-январында Стамбул шаарында болгон жардыруудан маалымат кабар

Стамбул шаарындагы Кыргыз Республикасынын башкы консулдугу 12-январь күнү эртен мененки саат 10:20дагы Султан Ахмет мечитинин жанындагы жарылууда жабыр тарткан кыргызстан жарандары болбогондугун кабарлайт.

Консулдуктун кызматкерлери маалыматты тактоо максатында, “Фатих” районундагы полиция башкармалыгына жана “Хасеки” медициналык борбору менен тыкыс байланышта болушту. Жардыруудан жабыркагандар аталган борборго жаткырылган.

Андан сырткары, жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00да Стамбулдагы терроризмге каршы күрөшүү башкармалыгынан алынган маалыматта жарылууда жарат алган жана жабыр тарткан кыргызстан жарандары болбогондугун маалымдайт.

Жарандарга тез жардам көргөзүү максатында, күнү-түнү 00 90 545 691 22 07 ыкчам уюлдук номери иштеп жаткандыгын белгилейт.