1xbet para yatirmaimplant

Паспорт жоготуу суроолору

Кыргыз Республикасына кайтып келүү күбөлүгү

Паспорт, документтерди жоготуу учурларында – биринчи кезекте тосуп алган туристтик компаниянын котормочу-гидине (эгер сиз турист болсоңуз) же сиз турган мейманкананын кызматкерлерине кайрыласыз. Гиддер же мейманкана кызматкерлеринин көбү зарыл болгон тартипти билишет: турист менен бирге алар эң жакын аймак полициясына (Karakol), же жандармерияга (Jandarma), документти жоготкондугу тууралуу протокол толтурууга барышат (ал мекенине кайтып келүү күбөлүгүн алуу үчүн керек).

Эгерде сиз Стамбулга транзит менен келип, паспортуңузду көчөдөн жоготуп алган болсоңуз, жакын арадагы аймактык полицияга кайрылып, андан соң Стамбулдагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугуна, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Анкара шаарындагы Элчилигине же Анталиядагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдугуна кайрыласыз. Болгон нерсени жогоруда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүктөрүнө маалымдап жана Мекенине кайтып келүү күбөлүгүн алуу үчүн өкүлчүлүккө келүү убактысын тактап алууңуз керек.

Бирок, МККү берүү үчүн арыз берүүчүнүн жеке идентификациясын текшерүү жол-жобосу жүргүзүлөт (Кыргызстандын жараны экендигин аныктоо). Ошондуктан, чет жакка чыгуунун алдында чет өлкөгө чыгуу паспортун, Кыргызстан паспортун (ID карты) көчүрмөсүн алып жана ар башка жерге катып, болбосо сканерден өткөзүп алып, башка мамлекеттерде жеткиликтүү болгон электрондук дарегине сактап коюусу керек. Зарыл болгон кезде паспорттун көчүрмөсүн ар учурда Интернет-кафеден өзүңүздүн электрондук дарегиңизден алып, аны Башкы консулдукка көрсөтүүгө болот.

МККү тариздөө үчүн төмөндөгү документтер керек:

  • Жергиликтүү ички иштер органдарынан (Karakol) документти жоготкондугу тууралуу маалым-кат.
  • Жоголгон паспорттун көчүрмөсү, эгер ал жок болсо, Кыргызстандын жаранынын ID- карточкасы.
  • 3х4 өлчөмүндөгү түстүү сүрөттөн 3 даана.