1xbet para yatirmaimplant

Паспорт алуу

2006-жылкы үлгүдөгү Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алмаштыруу жана алуу үчүн керектелүүчү зарыл документтер (жаңы үлгүдөгү):

1. Анкета-арыз. Арыз башкы консулдукта толтурулат. Талаптарга ылайык басма тамга менен мамлекеттик же расмий тилде сыя менен же кара түстөгү калем менен, көзөнөкчөдө Х белгисин койбой V (чымчыкча) белгисин коюу керек.

2. КР Стамбул шаарындагы Башкы консулунун атына паспортту тариздөөдө көмөк көрсөтүү тууралуу өтүнүч арызы.

3. Паспортту берүү тууралуу карточка – Форма №1 (башкы консулдукта толтурулуп жана берилет).

4. Баш кийимсиз жана көз айнексиз, жалтырак баракта беттин так түшүрүлүүсү менен 40×60мм өлчөмдөгү ак фондо тартылган 8 түстүү сүрөт.

5. ПИН – персоналдык идентификациялык номери (14 сандан турат). ПИН жок болсо, аны КРнын Социалдык фондунан алуусу керек. ПИН киргизилбеген арыз кабыл алынбайт.

6. Эгерде Кыргыз Республикасынын жараны 2006-жылкы үлгүдөгү паспортту алуу үчүн кайрылган учурда анын колунда 1994-жылкы үлгүдөгү паспорту болсо, ал паспортунун бардык бетинин көчүрмөсүн көрсөтүүсү керек. (1-33-чейинки эл аралык бет).

7. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк же көчүрмөсү.

8. Нике тууралуу күбөлүк.

9. Туруктуу жашоого уруксаттын же түркия визасынын көчүрмөсү.

10. Кыргыз Республикасынын эркек жарандары Аскердик билетинин көчүрмөсүн көрсөтүүсү керек. Кыргыз Республикасынын он алты жашка чыккан жарандары аскердик каттоо карточканы 3 нускада толтуруу керек.

11. Жалпы жарандык паспорт алуу (алмаштыруу) үчүн документтер толугу менен өткөрүлгөндөн кийин, Башкы консулдук бир ай ичинде КР ТИМнын Консулдук кызмат департаментине жөнөтөт, андан ары КР Мамлекеттик каттоо кызматынын жекелештирүү башкармалыгына жөнөтүлөт.

12. Даяр болгон соң, паспорт КР ТИМнин Консулдук кызмат департаментине андан кийин дипломаттык канал менен паспорт Башкы консулдукка жөнөтүлөт.

Эскертүү: Кыргыз Республикасынын жараны 2006-жылдагы үлгүдөгү жалпы жарандык паспортун алгандан кийин 1994-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспортун, 2004-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспортун же 2006-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспортун өткөрүүсү керек. Андан тышкары жалпы жарандык паспортун жоготуп же уурдатып кайрылган жарандар келген мамлекетинин укук коргоо мекемелеринен тийиштүү маалым кат алып келиши керек.