1xbet para yatirmaimplant

Легалдаштыруу ж/а Нотариалдык иштер

Башкы Консулдук Түркия Республикасынын аймагында жана Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга багытталган документтерди легализациялоо боюнча консулдук кызмат көрсөтөт, ошондой эле нотариалдык иштерди да жүргүзөт.

Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга багытталган документтерди легализациялоонун схемасы:

  1. Котормо кеңселеринде документтерди которуу;
  2. Которулган документтердин аныктыгын Нотариалдык жактан күбөлөндүрүү;
  3. Документтерди Стамбул шаарындагы Укуктук бөлүмдө күбөлөндүрүү;
  4. Документти Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы  Башкы Консулдукта легализациялоо.

Башкы консулдук ишеним каттарды, ар кандай келишимдерди жана ар ар кандай документтерди нотариалдык жактан ырастоо боюнча консулдук кызматтарды көрсөтөт.

Эскертүү: нотариалдык иштер ишеним көрсөтүүчүнүн катышуусунда, анын көзүнчө гана ишке ашырылат.