1xbet para yatirmaimplant

Генеральное Консульство Кыргызской Республики в Стамбуле

 

Байланыш

Банк данныйлары

Башкы консулга кайрылуу

Шашылыш жардам

Lamartin Caddesi No:7, Taksim,
34437 Beyoğlu, İstanbul
Тел: +90 212 235 6767
Факс: +90 212 235 9293
E-mail: gc@kgconsulate.gen.tr

Иштөө убактысы

Понедельник – Пятница
Обеденный перерыв: 12:30 – 13:30
Прием граждан с 10:00 – 12:00
Выдача документов с 14.00 – 16.00

Türkiye İş Bankası Taksim Şubesi
Hesap No: 1052 3378191
IBAN: TR840006400000210523378191

Бул жерден сиз Кыргыз Республикасынын Стамбулдагы башкы консулуна кайрылып, кызыккан суроолорунузга жооп алуу жана маселенизди чечүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло аласыз. Бул форманы толтуруп жөнөтсөнүз, кайрылуунуз сөзсүз түрдө башкы консулга келет. Белгилүү бир убакыттан кийин кайрылуунузга жооп аласыз.

ФАА*:

Электрондук почта*:

Телефонунуз:

Жашаган адресиниз:

Сиздин катыныз:

Иш убактысынан тышкары жана дем алуу күндөрү шашылыш байланыш үчүн +90 545 691 2207 уюлдук номерине чала аласыздар. Жооп болбогон учурда СМС жөнөтсөнүз болот.

КӨНҮЛ БУРУНУЗ: жогорудагы уюлдук номерге өзгөчө кырдаал учурунда гана чалуу шарт.

Ошондой эле, адамдарды кордоо, зордуктоо, сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерге дуушар болгондорго каршы, Түркия ичинде акысыз 157 номерине чалуу жүргүзө аласыздар.

Жогорудагы телефон аркылуу, тартип сактоо органдарына үй бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен, аялдарды сойкулук менен алектенүүгө мажбурлоо, акысыз иштөөгө аргасыз болгондор, ошондой эле Түркияда мыйзамдуу түрдө ишке орношуу боюнча суроолорго квалификациялык денгээлде адисттен жооп алуу мүмкүнчүлүгүнүз бар.

flagКыргызстан менен Түркия ортосундагы эл аралык консулдук мамилелер бир туугандык, достук мүнөздү алып, тарыхый биримдикке, тилге жана маданиятка негизделген.

Стамбул шаарындагы башкы консулдук 1994-жылдын 2-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин №УП-311 Жарлыгы менен түзүлгөн.

 

Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы башкы консулдугунун жетекчилери:

САРБАГЫШЕВА Дильде Бейшеновна  1995-жылдан 2005-жылга чейин;
КАЗАКБАЕВ Руслан Айтбаевич  2005-жылдан 2009-жылга чейин;
АРСТАНБАЕВ Мирлан Есенович  2009-жылдан 2014-жылга чейин;
ТУЛЕБЕРДИЕВ Ренат Темирбекович  2014-жылдан 2016-жылга чейин.

  • president
  • kenesh
  • gov
  • mid
  • kyrgyzstan
  • kyrgyzstan
  • kyrgyzstan
  • kyrgyzstan
  • kyrgyzstan
  • Geo Gov
  • Geo Gov

Жаңылыктар

Май майрамдарына байланыштуу кыргызстандыктар 2017-жылдын 5-9-майына чейин эс алат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков КР Эмгек Кодексинин 113 беренесине, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тууралуу» Конституциялык мыйзамынын 10 жана 17 беренелерине ылайык, эс алуу...
Read More

Урматтуу Мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Окмотунун токтомуна ылайык, 7-апрель-Элдик Апрель революциясы куну дем алыш кун катары жарыялангандыктан, Стамбул шаарындагы башкы консулдук иштебейт. Шашылыш учурда күзөттөгү консулдун уюлдук номерине...
Read More

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

Сиздерди, 2016-жылдын 11-декабрында боло турган «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР мыйзамы боюнча референдумга катышууңуздарды чакырабыз. Шайлоо участкасы Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Консулдугунда саат...
Read More

2016-жылдын 12-январында Стамбул шаарында болгон жардыруудан маалымат кабар

Стамбул шаарындагы Кыргыз Республикасынын башкы консулдугу 12-январь күнү эртен мененки саат 10:20дагы Султан Ахмет мечитинин жанындагы жарылууда жабыр тарткан кыргызстан жарандары болбогондугун кабарлайт. Консулдуктун кызматкерлери...
Read More

Консулдук кызматтар

Паспорт алуу

2006-жылкы үлгүдөгү Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алмаштыруу жана алуу үчүн керектелүүчү зарыл документтер (жаңы үлгүдөгү):

1. Анкета-арыз. Арыз башкы консулдукта толтурулат. Талаптарга ылайык басма тамга менен мамлекеттик же расмий тилде сыя менен же кара түстөгү калем менен, көзөнөкчөдө Х белгисин койбой V (чымчыкча) белгисин коюу керек.

2. КР Стамбул шаарындагы Башкы консулунун атына паспортту тариздөөдө көмөк көрсөтүү тууралуу өтүнүч арызы.

3. Паспортту берүү тууралуу карточка – Форма №1 (башкы консулдукта толтурулуп жана берилет).

4. Баш кийимсиз жана көз айнексиз, жалтырак баракта беттин так түшүрүлүүсү менен 40×60мм өлчөмдөгү ак фондо тартылган 8 түстүү сүрөт.

5. ПИН – персоналдык идентификациялык номери (14 сандан турат). ПИН жок болсо, аны КРнын Социалдык фондунан алуусу керек. ПИН киргизилбеген арыз кабыл алынбайт.

6. Эгерде Кыргыз Республикасынын жараны 2006-жылкы үлгүдөгү паспортту алуу үчүн кайрылган учурда анын колунда 1994-жылкы үлгүдөгү паспорту болсо, ал паспортунун бардык бетинин көчүрмөсүн көрсөтүүсү керек. (1-33-чейинки эл аралык бет).

7. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк же көчүрмөсү.

8. Нике тууралуу күбөлүк.

9. Туруктуу жашоого уруксаттын же түркия визасынын көчүрмөсү.

10. Кыргыз Республикасынын эркек жарандары Аскердик билетинин көчүрмөсүн көрсөтүүсү керек. Кыргыз Республикасынын он алты жашка чыккан жарандары аскердик каттоо карточканы 3 нускада толтуруу керек.

11. Жалпы жарандык паспорт алуу (алмаштыруу) үчүн документтер толугу менен өткөрүлгөндөн кийин, Башкы консулдук бир ай ичинде КР ТИМнын Консулдук кызмат департаментине жөнөтөт, андан ары КР Мамлекеттик каттоо кызматынын жекелештирүү башкармалыгына жөнөтүлөт.

12. Даяр болгон соң, паспорт КР ТИМнин Консулдук кызмат департаментине андан кийин дипломаттык канал менен паспорт Башкы консулдукка жөнөтүлөт.

Эскертүү: Кыргыз Республикасынын жараны 2006-жылдагы үлгүдөгү жалпы жарандык паспортун алгандан кийин 1994-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспортун, 2004-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспортун же 2006-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспортун өткөрүүсү керек. Андан тышкары жалпы жарандык паспортун жоготуп же уурдатып кайрылган жарандар келген мамлекетинин укук коргоо мекемелеринен тийиштүү маалым кат алып келиши керек.

Паспорт жоготуу суроолору

Кыргыз Республикасына кайтып келүү күбөлүгү

Паспорт, документтерди жоготуу учурларында – биринчи кезекте тосуп алган туристтик компаниянын котормочу-гидине (эгер сиз турист болсоңуз) же сиз турган мейманкананын кызматкерлерине кайрыласыз. Гиддер же мейманкана кызматкерлеринин көбү зарыл болгон тартипти билишет: турист менен бирге алар эң жакын аймак полициясына (Karakol), же жандармерияга (Jandarma), документти жоготкондугу тууралуу протокол толтурууга барышат (ал мекенине кайтып келүү күбөлүгүн алуу үчүн керек).

Эгерде сиз Стамбулга транзит менен келип, паспортуңузду көчөдөн жоготуп алган болсоңуз, жакын арадагы аймактык полицияга кайрылып, андан соң Стамбулдагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугуна, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Анкара шаарындагы Элчилигине же Анталиядагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдугуна кайрыласыз. Болгон нерсени жогоруда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүктөрүнө маалымдап жана Мекенине кайтып келүү күбөлүгүн алуу үчүн өкүлчүлүккө келүү убактысын тактап алууңуз керек.

Бирок, МККү берүү үчүн арыз берүүчүнүн жеке идентификациясын текшерүү жол-жобосу жүргүзүлөт (Кыргызстандын жараны экендигин аныктоо). Ошондуктан, чет жакка чыгуунун алдында чет өлкөгө чыгуу паспортун, Кыргызстан паспортун (ID карты) көчүрмөсүн алып жана ар башка жерге катып, болбосо сканерден өткөзүп алып, башка мамлекеттерде жеткиликтүү болгон электрондук дарегине сактап коюусу керек. Зарыл болгон кезде паспорттун көчүрмөсүн ар учурда Интернет-кафеден өзүңүздүн электрондук дарегиңизден алып, аны Башкы консулдукка көрсөтүүгө болот.

МККү тариздөө үчүн төмөндөгү документтер керек:

  • Жергиликтүү ички иштер органдарынан (Karakol) документти жоготкондугу тууралуу маалым-кат.
  • Жоголгон паспорттун көчүрмөсү, эгер ал жок болсо, Кыргызстандын жаранынын ID- карточкасы.
  • 3х4 өлчөмүндөгү түстүү сүрөттөн 3 даана.

Консулдук каттоо

Консулдук каттоо жөнүндө маалымат

Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу анын консулдук аймагында жашап келген Кыргызстандын жарандарынын эсебин жүргүзөт.

Кыргызстандын Турциядагы узак мөөнөттөгү кызмат иш сапарындагы, жана консулдук аймактагы жеке иштери менен барган (окуу, дарылануу, контракт менен иштөө, ишкердик иш чаралар менен, туугандарга конокко баруу жана башка жеке иштер) жарандар консулдук каттоого алынат.

Кыргыз Республикасынын сыртта жүргөн жарандардын укугун мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын жана укугун коргоо, Кыргызстандын жарандарын Башкы консулдук тарабынан натыйжалуу тейлөө максатында Консулдук каттоо иш жүзүнө ашат.

Сиздин Түркияда  экендигиңиз тууралуу Башкы консулдукта маалыматтын болгондугу мисалы, чоң иш чаранын өтүшү тууралуу билдирүүлөр (шайлоолор), өзгөчө кырдаалдарда (жакындары менен байланыштырууга жарда берүүдө) жана башка учурларда жардам бериши мүмкүн.

 

Чет өлкөдө жашоо үчүн жарандарды консулдук каттоого алуу жана каттоодон чыгаруу

Кыргыз Республикасынын консулдук аймакка жашоого келген жарандарын консулдук каттоого орнотуу ыктыярдуу негизде ишке ашырылат.

Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык  каттоого туруу тууралуу арызды ишке жарамдуу жаран бере алат. Ошол эле жаран жанындагы  жашы жетиле элек балдардын атынан да арыз берет.

Консулдук каттоого туруу үчүн, Башкы консулдукка (Элчиликке) жеке өзү келип, төмөндөгү документтерди бериши керек:

  • Кыргыз Республикасынын ички жарандык паспорту (ID-карточкасы)
  • Жарактуу чет өлкөгө чыгуу паспорту
  • Түркияда туруктуу жашоого уруксат (ikamet tezkeresi)

Каттоого турган учурда жарандар бекитилген формада каттоо карточкасын бир нускада  толтуруп жана эки сүрөтү менен тапшырат. Чет өлкөгө чыгуу паспортуна “Каттоого турду” штампы (күнү, колу, мөөр)”коюлат.

Консулдук аймакта жашаган жарандарды каттоодон чыгаруу  алардын арызы боюнча ишке ашырылат. жана чет өлкөгө чыгуу паспортуна “Каттоодон чыкты” штампы (күнү, колу, мөөр) коюлат.

ЗАГС иштери

Никеге турууну каттоо:

Никеге туруучулар никеге туруу үчүн төмөндөгү документтердин тизмесин алып келиши керек:

  • Никеге туруучулардын жарактуу паспорту (1994-жылкы үлгүдөгү ЖЖП., 2006-жылкы үлгүдөгү ЖЖП);
  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүк, же ички паспорт (ID-картасы);
  • КР ЖЖП Республикалык архивинен бекитилген үлгүдөгү маалым кат, (Бишкек ш., Эркиндик бульвары 27);
  • Түркияда туруктуу жашоо укугу (ikamet tezkeresi)
  • Бекитилген үлгү боюнча толтурулган анкета (1-тиркемени кароо)

Эскертүү: Кыргыз Республикасынын үй-бүлө жана нике жөнүндө кодексине ылайык, нике арыз берилгенден кийин 30 күн өткөн соң катталат. Бардык документтердин түп нускасы өткөрүлөт.

 

 

Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү каттоо:

Баланын туулгандыгын каттоо үчүн жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн, ата -эне төмөнкү документтердин тизмесин бериши керек:

  • Никеге туруучулардын жарактуу паспорту (1994-жылкы үлгүдөгү ЖЖП., 2006-жылкы үлгүдөгү ЖЖП);
  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү, же ички паспорттору (ID-картасы);
  • Түркияда туруктуу жашоо укугу (ikamet tezkeresi)
  • Баланын туулгандыгы тууралуу медициналык картасы (медицина мекемесинен)
  • Такталган үлгү боюнча толтурулган анкета (2-тиркемени кароо)

Эскертүү: баланын туулгандыгы тууралуу каттоо үчүн ата-эненин болушу керек. Бардык документтердин түп нускасы өткөрүлөт.

Легалдаштыруу ж/а Нотариалдык иштер

Башкы Консулдук Түркия Республикасынын аймагында жана Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга багытталган документтерди легализациялоо боюнча консулдук кызмат көрсөтөт, ошондой эле нотариалдык иштерди да жүргүзөт.

Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга багытталган документтерди легализациялоонун схемасы:

  1. Котормо кеңселеринде документтерди которуу;
  2. Которулган документтердин аныктыгын Нотариалдык жактан күбөлөндүрүү;
  3. Документтерди Стамбул шаарындагы Укуктук бөлүмдө күбөлөндүрүү;
  4. Документти Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы  Башкы Консулдукта легализациялоо.

Башкы консулдук ишеним каттарды, ар кандай келишимдерди жана ар ар кандай документтерди нотариалдык жактан ырастоо боюнча консулдук кызматтарды көрсөтөт.

Эскертүү: нотариалдык иштер ишеним көрсөтүүчүнүн катышуусунда, анын көзүнчө гана ишке ашырылат.

Виза алуу

Урматтуу мекендештер,

Башкы Консулдук Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык визалык режим колдонулган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок инсандарга кирүү визасын берет. Депортациялоо учурларынан башка, Түркия жергесинде турууга, жашоо мөөнөтүн узартууга же мөөнөттүн бүткөндүгүнө байланыштуу жергиликтүү бийликтен уруксат алуу, виза алуу маселелерин жарандар Түркиянын Коопсуздук Башкармалыгында (Emniyet Müdürlüğü Yabancılar şubesi) Башкы Консулдуктун катышуусуз өз алдынча чечишет.